Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 16-марты №108
2026-жылга калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын “КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379- жана 380-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын жөнөткөн каттарын жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Полотов Ж. тарабынан берилген сунушту карап талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылга Салыктык эмес кирешелер боюнча Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы:
- калктуу конуштарда ар бир кожолукка 30 сом;
- мекеме-ишканалар үчүн ар бир кызматкерге же жумушчуга 100 сом болуп бекитилсин.
- калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруу боюнча жыйымдарды төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-октябры деп белгиленсин
2. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Джусупов Х.) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман у. Т. милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: |
Газыбек у.А |