Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-июлу № 34
“Айыл чарба багытындагы Мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, калктуу конуштар “ категориясына которуу жөнүндө”
Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Эски-оочу айылындагы “Сарыжалаң” участкасынын №36 контурун Мамлекеттик фондунун (ФПС) 1,73га сугат айдоо жерин Эски-Оочу айылына мектеп куруу үчүн багытын өзгөртүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-июлундагы №86 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Эски-оочу айылындагы №36 контурдан 1,73га Мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, мектеп куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлер категориясынан, калктуу конуштар “ категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча башкы адиси Т.Акимовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары , коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |