Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-декабры № 45
Айыл чарба багытындагы жерлерди , Калктуу конуштар жерлери багытына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык, Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Жети-Таш айылындагы №1090- контурдан 1,0 га жерди багытын өзгөртүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап
Кең-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Жети-Таш айылындагы № 1090-контурдан 1,0 га жерди таза суу кампасын куруу үчүн жайыт “Айыл чарба багытындагы” жерлерди, “Калктуу конуштардын жерлери” багытына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси Ж.Бекботоевго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |