Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-апрели № 28/VII-29
Дем берүүчү гранттын жана Ысык-Ата өнүктүрүү фондунун алкагында долбоорлорго каражат бөлүү жөнүндө
Дем берүүчү гранттын долбоору аркылуу “Кочкорбаев көчөсүн асфальттоо” жана Ысык-Ата өнүктүрүү фонду долбоору аркылуу “Кочкорбаев айыл аймагынын билим берүү мекемелерине интерактивдүү доскаларды сатып алууга” жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Бектемированын маалыматын угуп жана талкуулап Кочкорбаев айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кочкорбаев көчөсүн асфальттоо” дем берүүчү гранттын долбоорун ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 3 872, 5 сом бөлүнсүн.
2. “Кочкорбаев айыл аймагынын билим берүү мекемелерине интерактивдүү доскаларды сатып алуу” Ысык-Ата өнүктүрүү фондунун долбоорун ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 80 000 сом бөлүнсүн.
3. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.И.Токбергенов |