Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-февралы № 3
Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жана
2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-102-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Кең-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К. Муратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылсын.
3. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы калдыгы 14015,1 жана 2026-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 57 186,5 миң сом эсебинде киреше жана 72 913,3 миң сом чыгашалары бекитилсин.
4. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 51 621,1 миң сом өлчөмүндө алымча кошумчаларын тактоо менен бекитилсин.
5. 1-Январь 2026-жылга бюджеттик каражаттардан калган 14015,1 миң сом акча каражаттарынын сметасы бекитилсин.
6. 1-Январь 2025-жылга атайын эсептен калган 5,0 миң сомдук акча каражаттарынын сметасы бекитилсин.
7. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылда каржыланбай калган чыгымдарды
8. 2026-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
9. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 2026-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 00,0 миң суммасында белгиленсин.
10. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджети 2026-жылдын 1-январынан ишке баштап киргизилсин.
Бул чечимдин аткарылышын камсыздо Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратовго көзөмөлдөө Кең-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |