Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-февралы №34
Айыл чарба багытындагы жерлерди , Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери багытына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык, Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Мурас айылындагы №292- контурдан 25 чм №308-контурдан 25 чм жалпы 50 чм жерди багытын өзгөртүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн сунушкатын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Мурас айылындагы №292- контурдан 25 чм, №308-контурдан 25 чм жалпы 50 чм жерди скважина куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы” жерлерди, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын” жерлери багытына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси Ж.Бекботоевго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |