Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-февралы № 5
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун жана 2025-жылдын 19-августундагы №712 тескемесинин негизинде Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн балансасында болгон ички чарбалык каналдарды Лейлек суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын” 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун жана 2025-жылдын 19-августундагы №712 тескемесинин негизинде Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн балансасында болгон ички чарбалык каналдарды Лейлек суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү макулдук берилсин.
2. Жалры балансалык баасы 3125313 (үч миллион жүз жыйырма беш миң үч жүз он үч миң) сомдук 1-2 катардагы 29494 км ички чарбалык каналдарды Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүлсүн.
3. Жогоруда аталган 1-2 катардагы ички чарбалык каналдарды Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү үчүн юридикалык документтерди даярдап өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча адиси Ж.Бекботоевко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |