Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-марты №41
Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Булак айылынын М.Масыдыков
№18 көчөсүндө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мусулмандар Дин башкармасынын Баткен райондук хатибиятынын менчигинде турган идентификациялык коду № 8-01-06-1005-0233, аянты 1200 ч.м. жер тилкесине мечит куруу үчүн берген арызына байланыштуу,жеке менчик жер тилкесинин багытын өзгөртүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34,37,39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 50-беренесинин 6-пунктуна, 82-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 5-мартындагы №73 корутундусунун негизинде, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак айылындагы №8-01-06-1005-0233 кодундагы 1200 м.кв турак жай куруу учун берилген жер тилкесине мечит куруу учун жер аянтынын максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровко тапшырылсын.
3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басры |
А.Азимов |