Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 11-сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 5
Бирлик айыл аймагынын жашоочулары үчүн Жал айылынын жогору жагына таза суу үчүн каптаж куруу жана кошумча 6600 метр суу түтүгүн тартууга жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын ажыратууну кароо жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Бирлик айыл аймагынын Жал айылынын жогору жагына таза суу үчүн каптаж куруу жана кошумча 6600 метр суу түтүгүн тартуу максатында жергиликтүү бюджеттен эсебинен 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражатын долбоор ишке ашып иш башталган учурда ажыратууга макулдук берилсин.
2.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
3.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Гафуров |