Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-июня № 29/VIII-29
Эркин калдыгынан акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Каржы жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Бектемированын “Эркин калдыгынан акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алып Кочкорбаев айылдык кенеш токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине дем берүүчү кошумча үстөк 2111-беренесинен - 358,5 миң сом жана 2121-беренесинен - 61,9 миң сом жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.И.Токбергенов |