Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 11-сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 6
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2024-жылдын 26-январындагы №116 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 15.01.2026-жылдагы №08-2/105, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 16.01.2026-жылдагы №01-18/178, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 21.01.2026-жылдагы №01-16/142 жана Бирлик айыл өкмөтүнүн 04.02.2026-жылдагы №01-04/121 сандуу каттарын карап чыгып, социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Бирлик айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясынын короо жай алдындагы жерлер жана көчөлөр астындагы жерлер түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2024-жылдын 26-январындагы №116 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилип, аймактык территориялык реформанын жыйынтыгы менен Кичи Айдаркен айылындагы 3,10га жер аянты чыгарылып, которулуучу жер аянтынын жалпы аянты 86,33 га деп окулсун.
2.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
3.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынынкомиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Гафуров |