Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын
кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 24-декабры №5
«Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 2026-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы жөнүндө »
Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 2026-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардык мэринын бөлүм башчысы Т. Алимбековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 13 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 2026-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардык мэриянын бөлүм башчысы Т. Алимбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык,талкууда белгиленген сын сунуштарды эске алуу менен Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 2026-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы бекитилсин.
/программа тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
4. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана Бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А. Джумаев) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын м.а.: |
З.К. Кеңешов |