Загрузка документа…
ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2026-жылы 27-марты №13
Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 27-февралындагы №024/24/08-6/126 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтер бекитилсин.
а) калк үчүн:-жеке турак үйлөрдө жашагандар1-айга бир адамдан 15 (он беш) сом өлчөмүндө белгиленсин.
б) мекемелер, уюмдар жана ишканалар үчүн 1м2 (аянт) 1-айга 20 сом өлчөмүндө белгиленсин.
в) коммерциялык оъекттер үчүн 1м2 (аянт) 1-айга 20 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Курулуш таштандылары, жаныбарлардын кыгы, чөп жана чөптүн калдыктары чыгарылбасын.
3. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №15 “Таштанды салыгын белгилөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп бекитилсин.
Төрага: |
Н.Артыков |