Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын
кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 24-декабры №6
«2026-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору жөнүндө»
2026-жылга карата шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 13 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук” боюнча комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматы эске алынсын.
2. 2026-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору бекитилсин. /иш план тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
4. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын м.а.: |
З.К. Кеңешов |