Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 01-15/9
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин 23.02.2026-ж № 01-15/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүмүнүн, Баткен облусунун прокуратурасынын 2026-жылдын 26-мартындагы №26/186-04-11-15-00-212 сандуу катынын негизинде мыйзам бузуучулукту четтетүү максатында Алтын-Бешик айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Алтын-Бешик айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы “Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” №01-15/3 сандуу токтомун жокко чыгарылсын.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://altyn-beshik.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер жана Мыйзамдуулук, боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А. Матраимова |