Редакцияот 12.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 12-марты № 299-VIII

"Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

"Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук топторунун тизмегинин" 1-тиркемесинин 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18. Словения, Сербия, Болгария, Румыния, Албания, Черногория, Босния жана Герцеговина, Хорватия жана Түндүк Македония менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.".

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрагасынын орун басары

 

Б.А. Ибрагимов