Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 13
Кудук айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Кудук айылынын №420 контурунда жайгашкан 1.80 га жер аянтын жайыт жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
2.Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, кум шагыл майдалоочу кичи ишкана ачуу максатында пайдаланылсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөткө тапшырылсын.
4.Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басры | А.Балтабаев |
|
|