Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 15
Күлдү айылынын Бостон участкасынан жер аянтынын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Күлдү айылынын Бостон участкасынан жайыттын жеринен 0,20 га жер аянтын калктуу конуштардын (социалдык обьект) багытына которууга макулдук берилсин.
2. Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, медициналык борбор куруу максатында пайдаланылсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөткө тапшырылсын.
4.Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басры | А.Балтабаев |
|
|