Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 20
Айыл аймактагы мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Айыл аймактагы мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн тарифи бир айга 500(беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча график түзүү жана график менен иш алып баруу Орозбеков муниципалдык ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.
3.Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басры | А.Балтабаев |
|
|