Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-марты № 21
Ак-Кыя айылындагы курулуучу мектептин имараты үчүн
берилген жер тилкесинин ордун толтуруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21,69-беренелерине ылайык жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Кыя айылындагы курулуучу мектептин имараты үчүн берилген Н. Миңбаеванын 0,25 га жер тилкесинин ордун толтуруу максатында Кескен-Таш айылынан бош жаткан 35 га жер аянтын 49 жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Жер аянтын тактап, тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басры | А.Балтабаев |
|
|