Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын
кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 24-декабры №7
«Шаардык мэриянын 18.12.2025-жылдагы “2026-жылга карата Шамалдуу-Сай шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-17/3605 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 18.12.2025-жылдагы “2026-жылга карата Шамалдуу-Сай шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-17/3605 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 13 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 18.12.2025-жылдагы “2026-жылга карата Шамалдуу-Сай шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-17/3605 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Джумаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобосунун негизинде, Шамалдуу-Сай шаары боюнча 2026-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмеси тиркемеге ылайык жактырылсын.
/тиркеме тиркелет/
3. Шамалдуу-Сай шаары боюнча 2026-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиркемеде көрсөтүлгөн пайыздык чендерге ылайык 3 208, 8 (үч миллион эки жүз сегиз мин сегиз жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин жана 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү жагы Шамалдуу-Сай шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык
Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин
5. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий
сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын м.а.: |
З.К. Кеңешов |
БЕКИТИЛДИ
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кеңешинин 24.12.2025-жылдагы кезектеги 13-сессиясынын №7 токтомунун тиркемеси
2026-жылга карата Шамалдуу-Сай шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун
тизмеси
№ | Долбоордун аталышы | Долбоордун жалпы суммасы | Республикалык бюджет | Өздүк салымы ЖБ | Пайызы |
1 | ““Теремок” МЧББМ имаратын оңдоп түзөө | 2 461,3 | 1 722,91 | 738,39 | 30% |
2 | Келечек МЧББМ ашканасын жана кампаларын оңдоп түзөө | 3 205,6 | 2 179,8 | 1025,8 | 32% |
3 | Балдар музыкалык мектебинин имаратын оңдоп түзөө | 4 362,6 | 2 923,0 | 1 439,6 | 33% |
| Жалпы суммасы:
| 10 029,51 | 6 825,71 | 3 203,8 |
|
Шамалдуу-Сай шаардык
депутаттар Кенешинин төрагасынын м.а.: З.К. Кеңешов