Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын
кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 24-декабры №8
« Шаардык мэриянын 24.11.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарында кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытындагы сынактын Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-17/3287 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 24.11.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарында кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытындагы сынактын Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-17/3287 кайрылуу каты жөнүндө маселе боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Чаргынованын маалыматы жана депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 13 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 24.11.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарында кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытындагы сынактын Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-17/3287 кайрылуу каты жөнүндө маселе боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Чаргынованын маалыматы эске алынсын.
2. Шамалдуу-Сай шаарында кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытындагы жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча көчөлөрдүн ортосундагы өткөрүлүүчү сынактын Жобосу бекитилсин. /Жобо тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
4. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын м.а.: |
З.К. Кеңешов |
|
БЕКИТИЛДИ
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кеңешинин 24.12.2025-жылдагы кезектеги 13-сессиясынын № 8 токтомунун тиркемеси |
Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Шамалдуу-Сай шаар аймагынын көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын
ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1.1. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча шаар аймагындагы көчөлөрдүн ортосундагы сынак (мындан ары - сынак), коммуналдык катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча төлөмдөрдү чогултууну көбөйтүү жана стимулдаштыруу максатында ошондой эле үлгүлүү көчөлөргө өткөрүлөт.
1.2. Сынак Шамалдуу-Сай шаардык мэриясы тарабынан 2025-жылдын 15-октябрынан 2025-жылдын 1-декабрына чейин Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлөт.
2. Сынактын шарттары
2.1. Сынакка катышуу Шамалдуу-Сай шаар аймагында көчөлөр ортосунда коммуналдык катуу калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча төлөмдөрдү өз учурунда төлөө максатында өткөрүлөт:
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы. | Айылдардын, көчөлөрдүн аталышы | Дареги |
Коммуналдык катуу калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу кызматы.
| Шамалдуу-Сай шаар аймагындагы көчөлөр, көп кабаттуу үйлөр |
|
көчөлөрдүн тазалыгы |
|
|
2.2. Сынакка катышуу үчүн тандалып алынган шаар аймагынын көчөлөрү, көп кабаттуу үйлөрү жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди 2025-жылдын 15-октябрынан 2025-жылдын 1-декабрына чейин аткаруусу керек.
2.3. Сынактын башталаар алдында жана аны өткөрүү процессинде, жумушчу топ же комиссия КТК ГЭСтер каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын жетекчиси, көчө комитеттери менен биргеликте милдеттер жана коммуналдык катуу калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштуру боюнча төлөмдөрдү жыйноо боюнча учурдагы абалы жөнүндө шаардык мэрине маалымдайт.
2.4. Шаардык мэрия сынактын жүрүшү жана учурдагы натыйжалары жөнүндө калкты үзгүлтүксүз маалымдап турат.
3. Сынак өткөрүүнүн тартиби
3.1. Шаардык мэрия сынактын башталышы жөнүндө маалымат такталарында жайгаштыруу, тургундардын чогулуштарында жарыялоо жана көчө комитеттери аркылуу калкка билдирет.
3.2. Сынакка катышууну каалаган көчөлөр көчө комиттер аркылуу шаардык мэриянын сынакка катышуу жөнүндө маалымдайт. Шаардык мэрия катышкан катышкан көчөлөрдүн тизмесин түзүп, алардын көчө комитеттерине сынактын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турат.
4. Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби
4.1. Сынактык комиссия шаардык мэрия буйругу менен шаардык мэриянын кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, жамааттардын лидерлеринен жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн түзүлөт.
4.2. Сынактык комиссия 2025-жылдын 15-октябрынан 2025-жылдын 1-декабрына чейин сынактын жыйынтыгын чыгарат жана аткарылган жумуштар, төлөмдөр маалыматтардын негизинде, 2025-жылдын 15-октябрынан 2025-жылдын 1-декабрына чейинки мезгилдеги аткарылган жумуштар жана коммуналдык каттуу калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча төлөмдөрдү чогултуунун пайызына жараша жеңүүчүлөрдү аныктайт.
4.3. Сынактык комиссиянын чечими протокол менен бекитилет жана жалпыга маалымдоо үчүн маалымат такталарына илинет.
5. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи
5.1. Сынактын байге фонду “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан берилген 30.0 миң сомду түзөт. Байге фонду акчалай түрдө берилбейт. Бул каражаттар жеңүүчү аймакты жакшыртууга жумшалат.
5.2. Жеңишке ээ болгон аймактын өкүлдөрү, өз тургундарынын чечиминин негизинде, берилген сумманын чегинде, аймакты жакшыртууга багытталган демилгелерди сунушташат.
5.3. Шаардык мэрия байге акчаларын аймактын өкүлү менен макулдашылган демилгени каржылоого багыттайт.
5.4. Жылдын аягында шаардык мэрия кызмат көрсөтүүчүлөр менен биргеликте шаар тургундарына аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берет.