Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2026-жылдын 26-январы № 1
Жекенди айылдык аймагынын 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майы № 59 Бюджет кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги онунучу сессиясы, токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 39669,9 мин сомго, бюджеттин чыгаша бөлүгү 40900,3 мин сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүкөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айылдык аймактын башчысы З.Исмаиловдун доклады канаатандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана финансы-экономика социалдык бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |