Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXII сессиясынын
2026-жылдын 28-январындагы №6
“Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкени
мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 26.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/391 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн №102 дарегинде жайгашкан муниципалдык жер тилкесинен 104,4 чарчы метр жана “Жеңиш” эс алуу багынан 7,6 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп, жалпысы 112,0 чарчы метр жер тилкесин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаардык кеңешинин 26.12.2025-жылдагы кезексиз XXI сессиясынын №11- токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жерлерди өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |