Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXII сессиясынын
2026-жылдын 28-январындагы №8
“Манас шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык
менчикке өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 26.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/388 сандуу жана 26.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/390 сандуу каттары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги №18 дарегинде жайгашкан “Ширин” акционердик коомуна таандык 3152,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын О.Кошевой көчөсүнүн №10 дарегинде жайгашкан муниципалдык 1228,0 чарчы метр жер тилкесин жана жер тилкеде жайгашкан имараты менен кошо “Ширин” акционердик коомуна алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Манас шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги №4 дарегинде жайгашкан “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык 2790,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
4. Манас шаарынын Б.Аттокуров көчөсүнүн №66 дарегинде жайгашкан муниципалдык жер тилкесинен 3000,0 чарчы метр жер тилкесин “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомуна административдик имарат куруу үчүн алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
5. Манас шаарынын Б.Аттокуров көчөсүнүн №66 дарегинде жайгашкан 5000,0 чарчы метр жер тилкесин “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин, 1 (бир) айлык ижара акысы 10,0 (он миң) миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана беш жылда бир жолу тарифти кайрадан кароо үчүн шаардык кеңештин кароосуна киргизүү жагы Манас шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
6. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |