Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9 - июлу № 32/IX-29
Транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн
төлөм баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана түндүк региону боюнча эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын 17.06.2025-жылдагы №993/25/2-/73 Бирдик айылында жайгашкан муниципалдык гаражды кароолчу жана видеокөзөмөлү менен жүк ташуучу унаа токтотуучу жайга берүү жөнүндө кайрылуусунун карап чыгып жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесинин 13-пунктуна ылайык Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бирдик айылында жайгашкан Аламанов көчөсү №56 дарегинде жайгашкан муниципалдык гаражда транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасы 1 транспорт каражатына 1 суткасына 800 (сегиз жүз) сом деп бекитилсин.
2. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.И.Токбергенов |