Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 200 токтомуна)
Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары - Агенттик) кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөп бере ала турган банк-агенттерди алдын ала тандоо тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун камсыз кылуу жана кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөөнү баштоо мөөнөтүн кыскартуу максатында Агенттик банк-агенттерди алдын ала тандоону жүзөгө ашырат.
3. Банк-агенттерди алдын ала тандоону Конкурстук комиссия үч жылда бир жолу календардык жыл аяктаганга чейин алты айдан кеч эмес мөөнөттө жүргүзөт.
4. Ушул Жободо "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган аныктамалар колдонулат.
2-глава. Конкурстук комиссия
5. Банк-агенттерди алдын ала тандоо максатында Агенттиктин беш мүчөсүнөн, кызмат орду боюнча конкурстук комиссиянын төрагасы болуп саналган, башкармасынын бир мүчөсүнөн, ошондой эле Агенттиктин төрт кызматкеринен турган Конкурстук комиссия түзүлөт.
6. Агенттиктин аткаруучу директору Башкармадан сунушталган талапкерлердин негизинде банк-агенттерди алдын ала тандоону жүргүзүү үчүн Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө буйрук чыгарат жана Конкурстук комиссиянын катчысын дайындайт.
7. Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстук комиссиянын ишин уюштуруучулук-документтик камсыздоону жүргүзөт жана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосуна катышуу үчүн депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын билдирмелерин чогултууну жана сактоону камсыз кылат;
2) Конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жыйналыштарды өткөрүү жөнүндө кабарлайт;
3) Конкурстук комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзүүнү камсыз кылат;
4) Конкурстук комиссиянын документтерин жүргүзүүнү жана сактоону камсыз кылат.
3-глава. Банк-агенттердин алдын ала тизмесине киргизүү үчүн катышуучу банктарга карата талаптар
8. Банк-агенттерди тандоого катышуу үчүн банк "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан белгиленген кошумча талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
4-глава. Банк-агенттерди алдын ала тандоо тартиби
9. Банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосунун башталышы жөнүндө кулактандырууну Агенттик төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырат:
1) Агенттиктин расмий веб-сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо;
2) депозиттерди коргоо системасынын катышуучу банктарына банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосунун башталышы жөнүндө билдирүү катын жөнөтүү.
10. Банк-агенттерди алдын ала тандоонун башталышы жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү чагылдырат:
1) Агенттик жөнүндө кыскача маалыматтарды жана анын реквизиттерин;
2) алдын ала тандоону өткөрүү датасын, конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтүн;
3) банк-агентти тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн банктарга карата талаптарды.
Зарылдыгына жараша конкурска катышкан банктар кошумча маалымат алуу үчүн Агенттикке кайрыла алат.
11. Агенттик депозиттерди коргоо системасына арыз берген банк-катышуучулардын арасында конкурстук негизде банк-агенттерди алдын ала тандоону жүргүзөт.
12. Конкурска катышуу үчүн катышуучу банктар банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө жарыяланган күндөн тартып 20 жумуш күндүн ичинде Агенттикке ушул Жобонун талаптарына ылайык тандоого катышууга билдирме беришет.
13. Алдын ала тандоого катышуу үчүн банк Конкурстук комиссияга төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) банк жөнүндө кыскача маалымат;
2) өтүнмө (ушул Жобонун 1-тиркемеси);
3) эгерде банк жеңүүчү деп таанылса, ушул Жободо каралган шарттарда Агенттик менен үч жылдык мөөнөткө келишим түзүүгө анын милдеттенмеси;
4) банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө процессин мыкты уюштуруу боюнча банктын сунуштары.
14. Өтүнмө банк тарабынан Агенттикке кабарлоо менен жиберилет же Агенттиктин өтүнмөнү алган фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен (электрондук түрдө) берилет. Өтүнмө "Конкурстук комиссия. Алдын ала тандоого" деген белги жана жөнөтүүчү банктын аталышы менен белгиленет. Өтүнмө Агенттик тарабынан ал келип түшкөн күнү катталат жана Конкурстук комиссиянын катчысына берилет.
15. Эгерде өтүнмөнү каттоодон өткөртүүдө банк тарабынан бардык зарыл документтер берилбегендиги же берилген документтер талаптагыдай таризделбегендиги аныкталса, анда Агенттик банкка бул жөнүндө сунуш менен жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
16. Конкурстук комиссия банктан берилген документтерге тиешелүү түшүндүрмөлөрдү суроого укуктуу.
17. Зарылдыгына жараша Конкурстук комиссия банк тарабынан ушул Жобонун белгиленген талаптарынын сакталышы, атап айтканда капиталдын шайкештиги жана өздүк капиталдын деңгээли боюнча талаптардын сакталышы жөнүндө маалыматты Улуттук банктан талап кыла алат.
18. Тандоонун жыйынтыгы боюнча Конкурстук комиссия Агенттиктин башкармасынын бекитүүсүнө бирден үчкө чейин ылайыктуу банк-агенттерди берет.
19. Тандоонун жеңүүчүлөрү менен аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө келишим түзүлөт (ушул Жобонун 2-тиркемеси).
20. Банктардан өтүнмөлөр болбосо же алар белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Агенттик Улуттук банк менен макулдашуу боюнча уставдык капиталында мамлекеттик менчиктин үлүшү кеминде элүү пайызды түзгөн бир же эки банк менен түздөн-түз келишим түзүүгө укуктуу. Уставдык капиталында элүү пайыздан кем эмес мамлекеттик катышуу үлүшү бар банк-агенттерди тандоо алардын ушул Жобонун 8-пунктунун талаптарына эң көп ылайык келүү даражасына жараша жүзөгө ашырылат жана Агенттиктин башкармасынын чечими менен бекитилет. Ушул пунктка ылайык тандалган банк-агенттер Агенттик менен келишим түзүүгө милдеттүү жана ага кол коюудан баш тартууга укуксуз. Банк-агенттер кепилденген учур келип чыкканда ушул Жободо жана түзүлгөн келишимде каралган милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, анын ичинде банк-агенттин функцияларын өз убагында жана толук ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Тандоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү банктарга 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
22. Агенттик банк-агенттердин жаңы тизмеси бекитилгенге чейин банк-агенттердин мурда бекитилген тизмеси колдонулат.
23. Агенттик ар жылдык негизде банк-агенттердин финансылык абалына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсүнө мониторинг жүргүзөт. Бул үчүн Агенттик банк-агенттерден "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жаңыртылган маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген кошумча талаптарды сурайт.
Зарылдыгына жараша Агенттик банк-агент тарабынан Жободо белгиленген талаптардын сакталышы жөнүндө маалыматты Улуттук банктан талап кыла алат.
24. Агенттиктин башкармасы жаңыртылган маалыматты алган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесине киргизилген банк-агенттердин ушул Жобонун талаптарына ылайык келишин белгилейт.
25. Банк тандалган банк-агенттердин тизмесинен төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:
1) банк ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
2) келишимдин колдонулушу токтотулганда;
3) банк-агенттен аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө келишимди бузуу жөнүндө расмий билдирүү алганда.
26. Банкты алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим Агенттиктин башкармасы тарабынан кабыл алынат. Бул тууралуу билдирүү тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен банкка жиберилет.
27. Эгерде Агенттиктин башкармасы тарабынан башкача белгиленбесе, банкты алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесинен чыгаруу ошол банктын алдын ала тандоого кайталап катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
28. Алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесинен чыгарылган банк алынып салынгандан кийин 1 жылдан эрте эмес убакытта алдын ала тандоого кайрадан катышууга укуктуу.
29. Алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесинен бир же бир нече банк чыгарылган учурда, Агенттик ушул Жобонун талаптарына ылайык банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосун кайрадан жарыялай алат.
30. Тандоого катышуу үчүн акы төлөнбөйт жана Агенттик банктардын аманатчыларга компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарын компенсациялабайт.