Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна)
Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу жөнүндө
1-глава. Ислам камсыздандыруусунун (такафул) объекттери, максаттары жана принциптери
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында ислам камсыздандыруу принциптерине (такафул) ылайык такафул-камсыздандыруунун тартибин аныктайт.
Ислам принциптери (такафул) боюнча такафул-камсыздандыруунун объекти болуп такафул-операторунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген такафул келишиминде каралган камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандырылуучулардын өмүрүнө, ден соолугуна, материалдык баалуулуктарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетине байланышкан камсыздандырылуучулардын (катышуучулардын) мүлктүк кызыкчылыгы саналат.
2. Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруунун негизги максаты болуп белгилүү бир тобокелдиктерге дуушар болгон адамдардын (такафул-фондунун катышуучуларынын) камсыздандыруу фонду (такафул-фонду) түзүлүүчү каражаттардан ыктыярдуу төгүмдөрдү (табарру) төлөө аркылуу камсыздандыруу учурлары келип чыккан учурда бири бирине зыяндын (чыгымдын) ордун толтуруу жөнүндө макулдашуусу саналат. Такафул-фондунун ресурстары камсыздандыруу учурунун келип чыгышынын натыйжасында катышуучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн колдонулат.
3. Кыргыз Республикасында салттуу камсыздандыруу менен катар ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу колдонулат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандырууну Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүүгө лицензиясы бар такафул-операторлору (камсыздандыруучулар) жүзөгө ашырат.
2-глава. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
5. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) төгүм – такафул-оператору менен катышуучунун (камсыздандырылуучунун) ортосунда түзүлгөн такафул келишиминин негизинде, ислам принциптерине ылайык келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө такафул-фондуна катышуучу (камсыздандырылуучу) тарабынан төлөнүүчү акча каражаттары;
2) пайда табуучу – такафул келишими анын пайдасына түзүлгөн адам;
3) такафул келишими – ислам камсыздандыруу принциптери боюнча камсыздандырууну жүзөгө ашыруу үчүн жеке же юридикалык жак (камсыздандырылуучу) менен такафул-операторунун (камсыздандыруучунун) ортосунда түзүлгөн келишим;
4) инвестициялык иштен түшкөн киреше – ислам каржылоо принциптерине ылайык Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш тарабынан жактырылган активдерге камсыздандырылуучунун төгүмдөрүн инвестициялоонун натыйжасында камсыздандыруучу алган акча каражаттары;
5) инвестициялык декларация – такафул-операторунун каражаттарын инвестициялоо максаттарын көрсөтүүнү, инвестициялык саясатынын сыпатталышын, каражаттар инвестицияланышы мүмкүн болгон активдердин тизмегин, мындай инвестициялоо менен байланышкан тобокелдердин сыпатталышын камтыган документ;