Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын
31-мартындагы № 2-д буйругу менен бекитилди
Административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүү боюнча
колдонмо
1. Жалпы жоболор
1. Административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүү боюнча ушул Колдонмо (мындан ары - Колдонмо) административдик жол-жоболорду өркүндөтүүгө, мамлекеттик органдарда чечим кабыл алууда натыйжалуулукту жана ыкчамдуулукту жогорулатууга, административдик жол-жоболорду санариптик форматка өткөрүүгө, жеке жана юридикалык жактардын административдик жүктөмүн азайтууга, натыйжалуулук жана санариптештирүү принциптерин киргизүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууга багытталган.
2. Колдонмо административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүүнүн бирдиктүү методологиялык негиздерин, тартипти, этаптарын жана критерийлерин, ошондой эле иштелип чыккан сунуштамалардын аткарылышынын мониторинг механизмин белгилейт.
3. Административдик жол-жобо деп мамлекеттик органдын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) ченемдик укуктук актылар менен белгиленген, административдик актыны кабыл алууга, административдик аракетти аткарууга же мамлекеттик (муниципалдык) кызмат (жумуш) көрсөтүүгө багытталган иш-аракеттеринин ырааттуулугу түшүнүлөт.
4. Колдонмо аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - административдик органдар) административдик жол-жоболорго талдоодо жүргүзүүдө колдонулат.
5. “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана санариптештирүү жана санариптик башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Колдонмонун укуктук негизи болуп саналат.
2. Талдоонун максаттары, милдеттери жана принциптери
6. Талдоонун максаттары:
Административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүүнүн негизги максаттары административдик жол-жоболорду ишке ашырууну жакшыртуу жана оптималдаштыруу, ошондой эле административдик жол-жоболорду ишке ашыруунун сапатын жакшыртуу максатында каржылык, убакыт жана физикалык (эмгектик) чыгымдарды азайтуу менен аларды ишке ашыруунун эң жакшы жолун аныктоо болуп саналат.
7. Талдоонун милдеттери:
1) ашыкча, эскирген жана кайталанган жол-жоболорду аныктоо жана алып салуу;
2) аларды ишке ашыруунун мөөнөтүн жана чыгымдарын кыскартуу;
3) административдик жүктөмдү азайтуу;
4) кабыл алынган административдик актылардын сапатын жогорулатуу;
5) өз ара аракеттенүүнүн санариптик түрлөрүн өнүктүрүү;
6) мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу.
8.Талдоонун принциптери
Анализ жүргүзүүдө административдик органдар төмөнкүлөрдү принциптерди жетекчиликке алууга милдеттүү:
1) мыйзамдуулук жана укуктук аныктыкпринциби: административдик жол-жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкештигин, так укуктук негиздин болушун, сөздөрдүн тактыгын, укуктук кесепеттердин алдын ала айтылышын жана ченемдерди өзү билип чечмелөөгө жол берилбестигин болжолдойт;
2)тең салмактуулук принциби: бул жол-жобо тарабынан коюлган талаптар жана чектөөлөр зарыл жана көздөгөн коомдук максатта тең салмактууболушу керек дегенди билдирет жана арыз ээсине ашыкча жүктөм келтирбеши керек.Башкача айтканда, административдик иш Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен белгиленген максаттарга багытталууга тийиш, ал эми аларга жетүүнүн чаралары тең салмактуу, башкача айтканда колдонууга мумкүн, зарыл жана максатка ылайыктуу (акылга сыярлык) болууга тийиш.
3) жөнгө салуунун жетиштүүлүгүнүн минималдуу принциби: мыйзамдуу максатка жетүү үчүн объективдүү зарыл болгон гана жол-жобонунталаптарын жана аракеттерди, ашыкча деталдаштыруусу жана татаалдыгы жок белгилөөнү карайт;
4) арыз ээсине (жаранга жана бизнеске) багыт алуу принциби: арыз ээси үчүн ыңгайлуулукту, жеткиликтүүлүктү жана түшүнүктүүлүктү эске алган жол-жобону түзүүгө, анын убактысын, каржылык жана уюштуруу чыгымдарын минималдаштырууга, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү татаалдаштырган“административдик катмарды”- ашыкча талаптарды, формалдуулукту жана психологиялык тоскоолдуктарды алып салууга негизделген.
5)ашыкча жана кайталоолорго жол берилбестик принциби: бир эле документтерди кайталапталап кылуудан, ар кайсы органдар тарабынан окшош жол-жоболорду параллелдүү ишке ашырууданжана кароонун ашыкча баскычтарын белгилөөнү жокко чыгарат;
6) санариптештирүүнүн кадимкипринциби: административдик жол-жоболорду ишке ашыруунун негизги ыкмасы катары өз ара аракеттенүүнүн санариптик форматына, процесстерди автоматташтырууга жана санариптик технологияларды колдонууга артыкчылык берүүнү болжолойт;
7)“бир гана жолу” принциби: Административдик органдардын карамагында турган же санариптик реестрлерде камтылган документтерди жана маалыматтарды арыз ээсинен кайталап суроого тыюу салынат;
8) арыз ээсинин катышуусуз ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү принциби: мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуу арыз ээсине мамлекеттик карамагында турган документтерди берүү милдетин жүктөбөстөн, өз алдынча жүзөгө ашырылаарын билдирет;
9) ачык-айкындуулук жана ачыктоопринциби: кароонун жол-жобосу, мөөнөтү, баасы, баш тартуунун негиздери жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын ачыктыгын, ошондой эле ченемдик жана методикаматериалдардын жеткиликтүүлүгүн белгилейт;
10)коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу принциптери: так критерийлери жок дискрециялык ыйгарым укуктарды минималдаштырууну, баш тартуунун белгисизнегиздерин жок кылууну, арыз ээси менен кызмат адамдарынын жеке байланышын азайтууну жана чечим кабыл алуунун ачык-айкындуулукту камсыз кылууну болжолдойт.