Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2026-жылдын 09-февралы №9/1
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Келишимине макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Келишимине макулдук берүү максатындагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 2026-жылдын 22-январындагы № 01-3/95 сндуу кайрылуусуна негиз, Кара-Камыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Келишимине макулдук берилсин.
2.Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовго ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Камыш айыл аймагын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кантемир уулу Илгизге жүктөлсүн.
Төрага | Айтымбет уулу Э |