Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2026-жылдын 09-февралы №9/3
“Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун негизинде келген каражатты жергиликтүү бюджеттин планынына олтургузуу жөнүндө”
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 23-январындагы № 01-3/107 сандуу кайрылуусунун негеизинде Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Хелветас уюму тарабынан “жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун келишиминде көрсөтүлгөн 846700 (сегиз жүз кырк алты миң жети жүз сом) акча каражатын 70111 бөлүктүн 14411100 беренесине бюджеттин планына олтургузууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин
Төрага | Айтымбет уулу Э |