Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2026-жылдын 09-февралы №9/4
““Таза-Жашыл-Өрөөн” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылуучу жумуштардын тарифтерин бекитүү жөнүндө”
“Таза-Жашыл-Өрөөн” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Дүйшөбаевдин 2026-жылдын 21-январындагы №5-ч сандуу кайрылуусунун негеизинде Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын 04-февралындагы корутундусун карап, талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Айыл ичинде тазалыкты талапка ылайык уюштуруу жана тургундардын гигиенасын сактоо максатында иш чараларды аткаруудагы чыгашаларга жумшоого каражат топтоо үчүн ар бир түтүнгө айына 100 (жүз) сом, магазиндерге 300 (үч жүз) сом, ашканаларга 400 (төрт жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулардан 1 жыл үчүн жайыт акы, алуу мал каттоонун маалыматына негиз төмөнкүдөй бекитилсин:
1) 1 уй үчүн - 100 сом
2) 1 жылкы үчүн – 100 сом
3) 1 эшек үчүн – 100 сом
4) 1 кой, эчки үчүн – 20 сом
3. Жайытка уруксатсыз мал сарайларды салса, жайыт мыйзамынын жоболорун бузса, жайыт билетинин убактысын узартпай жүрсө, жайыт пайдалануучуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде айып каралсын.
4. Жайыттардын 45 градустан жогорку жана кашым баскан көчкү коркунучу бар жана эрозияга учурап, чөптөр чыкпай бараткан жерлерди көрктөндүрүп, жашылдандырууга 1 га жерин 500 (беш жүз) сомдон ижарага берилсин.
5. Көп жылдан бери сарай салып, мал кыштатып жаткан атуулдарга жылына 1000 (миң) сомдон ижара акы жана жакынкы жазгы жайытка чыккан малчыга чатыр пул 500 (беш жүз) сомдон өкмөттүн жайыт эсебине төлөнүп турсун.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсиң.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Айтымбет уулу Э |