Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 196 токтомуна)
Салык аудитин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 116-1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана салык аудитин жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин жана жол-жобосун, анын ичинде салык аудитин жүргүзгөн салык органынын кызмат адамынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, салык аудити салыктардын бардык түрлөрү, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын салык төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусуна көмөк көрсөтүү максатында жүргүзүлөт.
3. Салык аудити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминде аныкталган субъекттерге карата жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
4. Салык аудитинин жүрүшүндө салык органынын кызмат адамы салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду, бухгалтердик отчетторду, регистрлерди, баланстарды, ошондой эле салык кызматынын маалыматтык системасынын тиешелүү модулдарында жайгашкан салык төлөөчүнүн иши жөнүндө маалыматтарды жана салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу башка документтерди колдонот.
5. Салык аудитин жүргүзүүдө салык органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптерин жетекчиликке алууга милдеттүү.
6. Салык аудити мурда көчмө пландык жана/же пландан тышкары текшерүү, кайра текшерүү менен камтылган салыктык мезгилге, ошондой эле жыйынтыктары апелляциялык жана/же соттук тартипте даттанылган камералдык текшерүү салык аудит жүргүзүлгөн учурга карата жүргүзүлбөйт.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, салык аудити мурда көчмө пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө камтылбаган тиешелүү отчеттук мезгилдер үчүн салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген ар бир төмөнкүдөй отчетко карата жүргүзүлөт:
1) салыктардын бардык түрлөрү боюнча;
2) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жайлардын ээлери болгон жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйым, калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча салыктык эмес кирешелер боюнча;
3) пенсиялык фондго, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна жана мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча.
8. Салык аудитин жүргүзүүдө салык органы салык төлөөчүнүн иши жөнүндө өзүндө болгон бардык толук маалыматты пайдаланат.
Мындай маалыматтардын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчет, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан салык органына өз алдынча жиберилген же андан салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө карата Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 134-беренесине ылайык талап кылынган маалыматтар;
2) мамлекеттик каттоодо жана салыктык эсепке алууда салык төлөөчүнүн салык органына берген документтери;
3) салык органы тарабынан алынган маалыматтар:
- мамлекеттик органдардан, анын ичинде салык салуу объекттерин, салык салуу объекттерине менчик укуктарынын өтүшүнө байланыштуу бүтүмдөрдү, салык төлөөчү тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар менен түздөн-түз байланышкан айрым документтерди каттоочу мамлекеттик органдардан алынган;
- салык төлөөчүнүн тышкы экономикалык иши жөнүндө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин субъекттери менен байланышкан;
- салык аудитин жүргүзүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде суроо-талапка жоопторду, экспертизанын же каршы текшерүүнүн жыйынтыктарын алуу;
- мурда жүргүзүлгөн рейддик салыктык контролдун, салыктык пост орнотуунун, контролдук сатып алуунун, изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, ошондой эле товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктары жөнүндө маалыматтар;
- башка мамлекеттердин салык органдарынан алынган маалыматтар;
4) маалыматтары салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелеринин, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелеринин аткарылышына байланышкан башка булактар.
9. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө көмөк көрсөтүү жана бухгалтердик отчеттордун, салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттордун, ошондой эле салык аудитинин жүрүшүндө берилген башка маалыматтардын негизинде салыктык милдеттенмелерди туура аткаруу боюнча сунуштарды берүү максатында төмөнкү багыттар боюнча талдоо жана баалоо иштерин жүргүзөт:
1) келип чыккан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү менен салыкты эсептөө тартибин колдонуунун, салык салуу объектин жана салык базасын аныктоонун, салыктын тиешелүү коэффициенттерин жана ставкаларын колдонуунун тууралыгы боюнча;
2) айырмачылыктарды ыкчам аныктоо жана четтетүү үчүн салык отчетунун формасында каралган саптардын жана графалардын көрсөткүчтөрүнө жараша салык отчетторунда чагылдырылган маалыматтарды арифметикалык эсептөөнүн тууралыгы боюнча;
3) мыйзамсыз колдонуунун мүмкүн болгон тобокелдиктерин баалоо менен салык органында болгон маалыматтарга жараша экономикалык ишке байланышкан зыянды жана башка салыктык кемитүүлөрдү билдирген которуунун негиздүүлүгү боюнча;
4) салыктар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча ашыкча төлөөнүн негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча;
5) салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү жеңилдиктерди колдонуусунун тууралыгы боюнча;
6) кошумча нарк салыгынын ордун толтуруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында салык төлөөчүнүн салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылуучу сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон кошумча нарк салыгынын суммасын эсепке алуу укугун пайдалануусунун тууралыгы жана негиздүүлүгү боюнча;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 307-беренесин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибинде каралган тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык, тобокелдик белгилери бар Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып келинген товарларды коюунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгын эсептөөнүн тууралыгы;
8) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгы боюнча;
9) салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана өз убагында төлөөнүн тууралыгы боюнча.
10. Салык аудитин жүргүзүү салык төлөөчүнү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 3-пунктуна ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, анын ичинде мурда салык аудити камтыган мезгил үчүн көчмө текшерүүнү жүргүзүүдөн бошотпойт.