Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-июлу № 27
Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын
Башкы пландарын бекитүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл аймагындагы Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын Башкы пландарын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап, айылдардын өнүгүүсүн пландаштыруу, калк үчүн ыңгайлуу жашоо-шарттарды түзүү жана инфраструктураны өнүктүрүү максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагындагы Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын Башкы пландарынын долбоорлору жактырылып, бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |