Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-июлу № 30
“Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын
2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын ишин пландуу негизде жүргүзүлүшүн уюштуруу максатында Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ак-Турпак” МИ нын башчысы М.Ботобековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Имаров |
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2025-жылдын 1-июлу кезектеги IХ сессиясынын
№ 30 токтомуна 1-тиркеме
“Ак-Турпак” Муниципалдык ишканасынын
2025-жыл ичинде аткарылуучу иш планы
№ | Аткарылуучу иш-чаранын мазмууну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар
| Жайгашкан орду |
1. | Жайыттарды жакшыртуу максатында көргөзмө участокторун уюштуруу | жыл ичинде | Муниципалдык ишкана | Сары-Камыш участогу |
2. | Мал суу ичүүчү жайларды куруу жана оңдоо
| Сел жүргөндө | Муниципалдык ишканан техникалары | Орус-булак ,Сары -Камыш |
3. | Мал союлуучу пункт (убойний ) көзөмөлгө алуу жана тазалыгын кароо | жыл ичинде | Башкы адис.
| Жетиген айылы |
4 | Айыл өкмөтү боюнча тазалык иштерин жүргүзүү | жыл ичинде | МИнын баардык кызматкерлери,Айыл башчылар
| Ак-Турпак айыл |
5 | Сары-Камыш айылына байланыш түйүнүн иштетүү
| 1 квартал | Башкы адис айыл башчы | Сары-Камыш жайлоосу |
6. | Айыл өкмөттүн аймагындагы калктын аярлуу катмарын аныктоо алар менен иш жургүзүү Тазалык жана Жайыт салыктарын жыйноо
| жыл ичинде | Салыкчы, айыл башчылар | Ак-Турпак А/А |
7. | Айыл өкмөтүнү аймагындагы айылдарды жашылдандыруу | 1 квартал | МИнын баардык кызматкерлери,Айыл башчылар
| Ак-Турпак А/А |
8. | Айыл өкмөтүндөгү ички арыктарды тазалоо
| 1-квартал | МИнын баардык кызматкерлери,Айыл башчылар
| Ак-Турпак А/А |
9. | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды таштоочу жерлерди (Мусорная свалка) иреетке келтирүү жана трактордо тегиздөө | Жыл ичинде | Башкы адис.тракторист | Ак-Турпак А/А |
10. | Жайыт жолдорун оңдоо түзөө
| 11 квартал | Башкы адис.тракторист | Сары-Камыш |
11. | Ош Разакоз чоң магистрал жолдун жеектерин тазалыгын кароо жана Өтүкчү, Миң-ынар чоң жолдун жеегин тазалыгын кароо | дайыма | МИнын баардык кызматкерлери,Айыл башчылар
| Ак-Турпак А/А |
12 | График боюнча айылдардан таштандыны чыгаруу | дайыма | МИнын жумушчулары
| Ак-Турпак А/А |
13 | Сары-Камыш жолдорун көзөмөлдө селден кийин жолдорду калыбына келтирүү | Сезондо | МИнын Техникалары
| Сары-Камыш |
14 | Жайыттарды жеке жана юридикалык жактардын жайыт участогунда болуусу,ошондой эле жапайы өскөн мөмө,жемиш,козу карын, башка тамак-аш азыктарын, дарылык техникалык чийки затты чогултууга инвестиция тартуу МИнын Бюджетин которүү | II-III кварталда | МИнын жетекчилери, Айыл а/ө | Сары-Камыш |
15 | Жайыт абалына мониторинг жана баало жүргүзүү | II-III кварталда | МИнын жетекчилери | Сары-Камыш жайлоосу |
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиев