Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №134
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чоң селкананы тосмолоо боюнча долбоорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо
жөнүндө ”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чоң селкананы тосмолоо боюнча даярдалган долбоорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чоң селкананы тосмолоо боюнча даярдалган долбоорду 4 676 884 (төрт миллион алты жүз жетимиш алты мин сегиз жүз сексен төрт) сом каражат карап берүү боюнча Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы- экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |