ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №136
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ынтымак көчөсүнө Таза суу чыгаруу боюнча долбоорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна
сунуштоо жөнүндө ”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чоң селкананы тосмолоо боюнча даярдалган долбоорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ынтымак көчөсүнө Таза суу чыгаруу боюнча даярдалган долбоорду 8 821 563 ( сегиз миллион сегиз жүз жыйырма бир мин беш жүз алтымыш үч ) сом каражат карап берүү боюнча Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы- экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |