Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №137
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылына Спорт комплекс куруу боюнча бөлүнгөн акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К Исраиловдун Терек-Сай айылдык кенешинин 2025-жылдын 26.03. өткөрүлгөн кезексиз VI сессиясында Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылына Спорт комплекс куруу боюнча бөлүнгөн 7 000 000 (жети миллион) сом акча каражатынын багытын Шекафтар айылындагы стадионго ынгайлуу шарттарды түзүү боюнча каралган жумуштарга жумшоо зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айылдык кенешинин 2025-жылдын 26.03. өткөрүлгөн кезексиз VI сессиясында Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылына Спорт комплекс куруу боюнча бөлүнгөн 7 000 000 (жети миллион)сом акча каражатынын багытын өзгөртүү менен Шекафтар айылындагы стадионго ынгайлуу шарттарды түзүү боюнча каралган жумуштарга жумшоо үчүн 7 000 000 (жети миллион) сом каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы -экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |