Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №138
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы стадионго ынгайлуу шарттарды түзүү боюнча долбоорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо
жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы стадионго ынгайлуу шарттарды түзүү боюнча даярдалган долбоорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы стадионго ынгайлуу шарттарды түзүү боюнча даярдалган долбоорду 12 959 721 (тогуз миллион тогуз жүз элүү тогуз мин жети жүз жыйырма бир ) сом каражат карап берүү боюнча Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы -экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |