Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №139
“Терек-Сай айыл аймагынын 2026-жылдын социалдык пакетинин эсебинен А.Чымканаев мектебинин жаны имаратынын курулушунун кошумча аткарылган иштерине акча каражатын которуп берүү жөнүндө”
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Ж.Сенирбаевдин Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы А.Чымканаев атындагы орто мектебинин жаны имаратынын куруу долбооруна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Эти БакырТерексай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2026-жылы бериле турган социалдык пакетинин эсебинен 24 743 037 (жыйырма төрт миллион жети жүз кырк үч мин отуз жети) сом каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2026-жылы социалдык пакетинин эсебинен берилүүчү 24 743 037 (жыйырма төрт миллион жети жүз кырк үч мин отуз жети) сом акча каражаты А.Чымканаев атындагы орто мектебинин жаны имаратынын куруу долбооруна кирбей калган кошумча аткарылган жумуштары үчүн которулуп берилсин.
2. “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2026-жылы бериле турган социалдык пакетинин эсебинен 24 743 037 (жыйырма төрт миллион жети жүз кырк үч мин отуз жети) сом акча каражаты А.Чымканаев атындагы орто мектебинин жаны имаратынын куруу долбооруна кирбей калган кошумча аткарылган жумуштары үчүн которулуп берилгендигине байланыштуу, Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун Байкоочу Кенешине 24 743 037 (жыйырма төрт миллион жети жүз кырк үч мин отуз жети) сомдук долбоорлорду сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |