Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-марты № 117
1. Кыргыз Республикасы менен Тринидад жана Тобаго Республикасынын ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнө жогоруда көрсөтүлгөн Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасы менен Тринидад жана Тобаго Республикасынын ортосунда
Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике
Кыргыз Республикасы менен Тринидад жана Тобаго Республикасы,
эки мамлекеттин жана алардын элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана достукту жана кызматташууну бекемдөөгө көмөктөшүүгө умтулуу менен,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун, анын ичинде мамлекеттердин суверендүү тең укуктуулук, аймактык бүтүндүк, мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө принциптерине жана максаттарына берилгендикти ырастоо менен,
Дипломатиялык мамилелерди түзүү эки мамлекеттин тең кызыкчылыктарына жооп берет жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишеним менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды түзүү чечимин кабыл алышты.
Ушуну ырастоо менен төмөндө кол койгон, өз мамлекеттеринен тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген өкүлдөр ушул Биргелешкен коммюникеге кыргыз жана англис тилдеринде эки нускада кол коюшту, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Аларды чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Нью-Йорк шаарында 2026-жылдын « _» ________________ кол коюлду.
Кыргыз Республикасы үчүн | Тринидад жана Тобаго Республикасы үчүн |