Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 6 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 18-апрели № 6/41
Шалта айылындагы Дүйшөнкул Шопоков атындагы музейге жубайы Керимбүбү Шопокованын ысымын кошуу жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешининин №6 протоколунун негизинде жана Сокулук райондук маданият бөлүмүнүн башчысы А.Шамшыкеевдин 2025-жылдын 17-прелиндеги №01-17/37 сунуш каты менен таанышып, Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаеванын маалыматын угуп,талкуулап Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гавриловк айыл аймагынын Шалта айылындагы “Дүйшөнкул Шопоков атындагы музей” аталышы Улуу Жеңиштин 80 жана Д.Шопоковдун 110 жылдыгынын урматына “Дүйшөнкул Шопоков жана Керимбүбү Шопокова атындагы музей” болуп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |