Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 7 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 30-майы № 7/44
Республикалык бюджеттен жер салыгыныны компенсациясына максаттуу трансферттердин түшүүлөрү жөнүңдө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 11-мартындагы № 137 токтомуна ылайык жана XXIX-чакырылышынын 7 кезектүү сессиясында Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Б.М.Мамыркуловдун 2025 жылга Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшө турган, айыл чарба багытындагы жер салыгынын 658,0 миң сом акча каражаты жѳнүндѳ маалыматын, угуп талкуулап Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2025 жылга Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшө турган, айыл чарба багытындагы жер салыгынын 658,0 миң сом акча каражаты тѳмѳнкү бѳлүмгѳ жана беренеге бѳлүштүрүлсүн:
-70111- Аппарат -берене 3112 “ Машиналар жана жабдуулар” +658,0 миң сомго көбөйтүлсүн. (компьютер жана жабдыктарын сатып алуу үчүн)
2. Ушул токтумдун аткарылышын камсыздоо Гавриловка айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Б.Б.Тургуналиевага жүктѳлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |