Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 7 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 30-майы № 7/45
Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирдин Чат-Кель айылынын, Восточная көчөсүнүн №8/2 үйүнүн тургуну, Гавриловка айыл өкмөтүнүн чыгаша боюнча башкы адиси Тургуналиева Бубусара Бекмырзаевнанын жазган кайрылуусунун негизинде материалдык жардам бөлүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чат-Кель айылынын,Восточная көчөсүнүн №8/2 үйүнүн тургуну,Гавриловка айыл өкмөтүнүң чыгаша боюнча башкы адиси Тургуналиева Бубусара Бекмырзаевнага материалдык жардам катары, Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30,0 (отуз) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Б.Тургуналиева материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирге жүктөлсүн
Төрага | Ы.Б. Нааматов |