Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 7 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 30-майы №7/46
Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирдин Гавриловка айылынын, Пушкин көчөсүнүн №10а үйүнүн тургуну, Бурлуцкая Анна Васильевнанын жазган кайрылуусунун негизинде материалдык жардам бөлүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гавриловка айылынын,Пушкина көчөсүнүн №10а үйүнүн тургуну Бурлуцкая Анна Васильевнага материалдык жардам катары, Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 8,0 (сегиз) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Б.Тургуналиева материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирге жүктөлсүн
Төрага | Ы.Б. Нааматов |