Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 8 кезексиз сессиясы
2025-жылдын 03-июну №8/48
Таш, кум-шагыл аралашмасын алуу жөнүндө
Алматы-Бишкек-Ташкент автомобиль жолунун (Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу) 230,7-255 км участогунда,ошондой эле Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 0-9,1 км участогунда, реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө, Гавриловка айыл аймагынан курулуш иштерин керектүү инерттик материалдары менен камсыздоо максатында (таш,кум-шагыл аралашмасы ж.б) алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан келип түшкөн каты менен таанышып чыгып, талкуулап, Гавриловка айыл аймагынын калкынын каршылыгы жана Шалта айылынын 2025-жылдын 02-июнундагы жыйынынын №04 протоколунун негизинде Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Автомобиль жолунун курулуш иштерин керектүү инерттик материалдары менен камсыздоо максатында Гавриловка айыл аймагынын (Шалта) жер участкасынан (карьеринен) (таш,кум-шагыл аралашмасы ж.б) иштетүүгө макулдук берилбесин;
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага мыйзам чегинде иш алып баруусу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |