Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 8 кезексиз сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 8/49
“Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техникаларын сатып алуу жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн ишин жакшыртуу максатында, атайын техникаларды лизинг аркылуу "Мамлекеттик лизинг компаниясынан алуу жөнүндө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаеванын маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 20 000 АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн датага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эквиваленти), жылдык (алты) пайыз менен, 5 жылдык мөөнөткө Chevrolet Tracker автоунааны алууга макулдук берилсин:
- Chevrolet Tracker баасы 20 000 (жыйырма миң) АКШ доллары;
2. Өздүк салымдан сырткары, лизингге алынган автоунаалардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган автотехникаларын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
3. "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол кою укугу Гавриловка айыл өкмөт башчысы Д.У. Картанбаевага ыйгарылсын;
4. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У. Картанбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |