Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №140
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы багытында эмес жерлердин базалык ставкасын бекитүү жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунда “Калктуу конуштун жерлери айыл чарба багытында эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент” колдонулары көрсөтүлгөн. Жогорудагы себептен улам айыл чрба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициентти карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын салык кызматкери Ө.Качикеевдин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй, айыл чарба багытында эмес калктуу конуштардын ичиндеги жерлер үчүн зоналык коэффициент Кз1 болуп, (базалык салык кодексинин наркы 120 сомдон чарчы метр квадратына), ал эми калктуу конуштан сырткары жерлер үчүн (фирмалар) зоналык коэффициент Кз2 болуп (базалык салыктын салыктык наркы 180 сомдон) белгиленсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Ө.Качикеевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |