Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 9 кезексиз сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 9/52
Тынчтык жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу үчүн, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Гавриловка айыл аймагынын аймагында белгиленген үн басымын жана ызы-чуунун деңгээлин ашырууга түнкү саат 02:00дөн таңкы 07:00гө чейин (эс алуу жана майрам күндөрү саат 09:00гө чейин) тыюу салынсын.
2. Коомдук жайлардын иштөө режимин мыйзамдардын талаптарына ылайык жөнгө салуучу тескемелерди кабыл алуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У. Картанбаевага жүктөлсүн.
3. Гавриловка айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылс өнүндө
Төрага | Ы.Б. Нааматов |