Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №141
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин балансына Спринтер микроавтобусту өткөрүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору К.С.Койчуманкулованын 2025-жылдын 1-сентябрында жергиликтүү бюджеттен Mercedes-Benz Sprinter маркасындагы 2017-жылы чыгарылган микроавтобусун мектептин балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто мектебине жергиликтүү бюджеттен Mercedes-Benz Sprinter маркасындагы 2017-жылы чыгарылган микроавтобусун мектептин балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү аталган мектептин директору К.С.Койчуманкулованын сунушу канааттандырылсын.
2. Mercedes-Benz Sprinter маркасындагы микроавтобусун мектептин балансына өткөрүп берүү боюнча иш кагаздарын даярдоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юристи Б.Ж.Сманкуловго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |